28-сентябрда Бишкектеги Айни жана Псковская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөгү батирлердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттөн улам 40 чарчы метр аянтта үй мүлкү күйгөн. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын колдонууда эрежелердин бузулушу себеп болгон. Үйдүн ээси, 1976-жылы туулган Виктория Алкеева колунан, бетинен күйүк алып, "Тез жардам" кызматы тарабынан шаардагы №4-ооруканага жеткирилген.