Кара-Суудагы жолду оңдоого ашыкча каражат сарпталганы боюнча кылмыш иши козголду

Ош облусунда "Скай-Сити" ишканасы Кара-Суу районундагы Эркин айылынын жолун оңдоого ашыкча акча каражатын пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу 29-сентябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын июнь айында аталган ишкана 1 чакырым жолду 2 миллион 539,8 миң сомго оңдогон. Сарай айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жол колдонууга берилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө жолду оңдоого ашыкча каражат сарпталганы белгилүү болуп, мамлекетке 622,3 миң сом зыян келтирилген.

Учурда "ишенип берилген мүлктү эсепсиз пайдалануу же өз эсебине өткөрүп алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан