28-сентябрда кечинде Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсү кесилишкен аймакта адамдын өлүмүнө жеткирген мушташ боюнча кошумча маалыматтар белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрда саат 21:00 чамасында 20-25 жаштардагы үч жигит Жаш Гвардия бульварындагы отургучта сүйлөшүп отурушкан. Алардын тушундагы отургучта улуураак үч адам арак ичип, бир нерсени майрамдап жатышкан. Алар берки үчөөнү чогуу майрамдоого чакырышкан. Балдар баш тартышканда эс алуучулардын ортосунда уруш чыгып, мушташка жеткен. Анын жыйынтыгында бир адам жерге кулап түшкөн. Учурдан пайдаланып балдар качып кетишкен. "Тез жардам" кызматы жана милиция келгенде анын каза тапканы аныкталган.
"Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө каза тапкан адам Нарын облусунун 36 жаштагы тургуну С.Уланбек экени аныкталды. Анын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Милиция ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургундары: 21 жаштагы С.Даут, Р.Абдилакин жана Т.Исмаилди кармашты. Суракта алар 28-сентябрда убактылуу жашап жаткан жеке мейманканадан чыгышып, ашканага тамактанып, андан соң балдар Жаш Гвардия бульварына эс алганы барганын айтышты. Ал жерден мас адамдар менен мушташып, бири кулап түшкөндө, корккондугунан качып кетишкени белгилүү болду.
Бул факт Ленин РИИБинде катталды. Кармалган балдар убактылуу кармоочу жайга отургузулушту. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирди басма сөз кызматы.