Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

Бишкекте 29-сентябрь күнү БМВ-530 унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Т.Эдил башкарып келе жаткан унаанын ичинен 1986-жылы Жумгал районунда туулган К.Мирлан, 1992-жылы Токмок шаарында туулган О.Нурсултан аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышкан. Үчөө Эне-Сай жаңы конушунда жашап келишкени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Унааны текшерүү учурунда жүргүнчүлөр отуруучу жайдан атуучу курал табылып, ал боюнча экспертиза дайындалды. Кармалгандардын экөөсү мурун сот жообуна тартылышкан. Алар түзөтүү колониясына К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү менен жолугуу үчүн келишкени белгилүү болду. Факт боюнча чогултулган материалдар Тергөө башкармалыгына жиберилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bekos2012
2015-09-30 09:02:10
Уюшкан кылмыштуу топтун мучолору деги тугонбос болду го, кармалды дей берет, кайра чыгара берет
+1
Kunbeken
2015-09-30 09:02:53
Буларды бир коргон адам кылмышка барат деп ойлобойт ,молдолор деп кайра сыйлашы мумкун. Сакалчандардын атын булгап учоо тен сакал коюшуп алышканын...
+2
M89
2015-09-30 09:06:02
Тапанча ушул адамдарга таандык бекен? Интернеттен алынган суротко окшошуп турат го. Беттерин ачып туура кылышыптыр. Эми ким экенин жакшылап таанып алабыз.
+1
osh93
2015-09-30 09:10:12
Биздин, "Миллицияларга" - ишенбей деле калдым. Кармалды дейт, кайра эле акча бере койсо кое берет да))
+2
jake91
2015-09-30 09:15:04
Араванда толтураго аларды деле кармап кетсенер болмок
+1
Diana87
2015-09-30 09:59:53
Жолдон-белден сакалчандарды корсок, уч уктасак тушубузго кирбейт гоо, кылмыштуу топ экени. өкунүчтү.
+1
KGstan81
2015-09-30 10:34:58
Озбекстанда 50 жашка чейинкилерге сакал кою тыю салынган бизде дагын ошол мыйзамды кабыл алыш керекпиз
+2
jake91
2015-09-30 12:05:29
KGstan81, оа ен туру араван шарында 7 жаштан 70 жашка чейин сакал
0
Mercedes202
2015-09-30 19:02:57
ХХХ ХХХ ХХХ... болмок, буларын эртен эле чыгып кетет.
+1
admin_portal
2015-10-01 09:56:41
Mercedes202 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
karona
2015-09-30 20:28:08
Туру сууктар десе, катуу жазалаш керек мындайларды!
+1
akdili
2015-09-30 22:06:12
Сакалын орттонгурло десе...жашабай туруп уюшкан топко мучо болуп алганын
+1
tursunbaev2004
2015-09-30 22:06:44
Кыргызстада эки адамдын бири кылмыштуу топтун мучосу болуп калгандай бул бийликтин алсыздыгы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан