Өзбекстандан кыргыз жерине киргизилип жаткан мыйзамсыз жүк колго түштү. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, 29-сентябрда мамлекетибиздин эки жараны КамАЗга жүктөлгөн тийиштүү документтери жок курулуш материалдарын Баткендеги "Бүргөндү" пункту аркылуу өлкөгө киргизип кетүүгө аракет кылышкан. Колго түшкөн жүктүн баасы болжолдуу 100 миң сом экени айтылды. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жүктүн ээлери УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.