Аксы райондук милициясы 28-сентябрда саат 23:50 чамасында Кербен шаарында партиялардын биринин баннерин дубалга илинген жеринен чечип уурдап бараткан адамды кармады. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубеков SUPER.KG`ге билдиргендей, кармалган жаран баннерди үйүнүн короосун тосууга пайдалануу үчүн уурдаганын айтууда.
"Факт Аксы РИИБинин кылмыштарды каттоо китебине катталып, кылмышка шектүү Д.С.Ш. аттуу жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Шектүү жаран РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп билдирди Турдубеков.
Маалыматка таянсак, парламенттик шайлоого карата үгүт кампаниясы учурунда Жалал-Абад облусунда 8 мыйзам бузуу фактысы катталган, мунун көбү баннерлерди уурдоо кылмыштары.