Жол-кайгуул кызматкерлерине кол салган "Большие люди" тамашалуу сериалындагы актёр камактан бошотулду

Жол-кайгуул кызматкерлерине кол салган "Большие люди" тамашалуу сериалынын актёрун Бишкектин Биринчи Май районунун соту камактан бошотту. Бул тууралуу 30-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. 

26-сентябрь күнү Бишкектин Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кызматтык милдеттерин аткарып жаткан Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине саат 05:10 чамасында К.Санатбек жана К.Канатбек аттуу эки жаран мас абалда келип, алар менен мушташууга аракет кылышкан. Ошондой эле орой сөздөр менен сөгүнүшүп, бир милициянын погондорун жулуп алышкан. Экспертизанын жыйынтыгында эки жаран ичимдик ичишкени аныкталган.

Аларга карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Алардын бири "Большие люди" тамашалуу сериалынын актёру.

Чогултулган далилдер эске алынбастан, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аларды үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
spinkub
2015-09-30 16:38:57
ХХХ ХХХ ХХХ. Зонага киргенде бир саатка жетпей ХХХ болушмак
+3
admin_portal
2015-09-30 16:47:38
spinkub - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
Rifle
2015-10-01 09:10:50
spinkub,
Зона кирип ххх болчудай иш жасаганы корунбойт го?
Мидиция менен урушуп жатса зонага кирбейт.
0
formula12
2015-09-30 16:39:35
Коомго туздон туз коркунуч келтирген "адамдарды" уй камагына чыгарган соттун чечими акчан таанышын болсо любой проблеман чечилет дегенди дагы бир жолу тастыктады
+8
Alixan-Nookat.2015
2015-09-30 16:40:27
Колтугуна кирпич койуп алганбы короздорго окшоп канатын жаятго. Мин жолу далилдесенерда артында атка минерлер болсо бошотуп жиберет бизде Кыргызстанда чындык жок болуп калды.
+9
EdikoKG
2015-09-30 16:45:29
Совет доорунда,мындай майда кылмыштарга жок дегенде 15суткага кесип,стройка же башка жака жиберип,жазасын берчу. Азыр уй камак деген модабы? Же,мыйзамда жазылганбы? Ким болбосун,мыйзам алдында бирдейбиз.
+8
ILYAS181296
2015-09-30 16:51:34
sogunup atywsa turuwat da, woker menen je dubinka menen beriw kerek bolchu owondo sooluga tuwmok...
+5
alatoositi
2015-09-30 17:17:24
Милицияга баш ийбейбиз,эрди катын урушса же бироо жоголсо милицияга келебиз,анан милицияны жамандайбыз,жон жургон адамды эчким камабайт,жаман журсон кудай коруп турат ошончолука адамдар оздору барып калганын тушунушпойт,кара Эми экоонун согунуп баш бербей жатканын,оздоруно жараша согуп жаагын талкаласа эртен чыгышат арызданып мени урду деп,ичсен бироого зыян келтирбей ич жыртандап кочого чыгыпалбай
+7
alatoositi
2015-09-30 17:22:33
Сотторго жогору жактан звонок келди да,же бир тын келип бошотуп кетти,Эмнеге кое берет???? Охр...ли да !?
+6
aku
2015-09-30 18:40:33
Журуш туруштарын карагылачы булар алкогол ичип гана эмес чегип дагы алышкандай,же болбосо колунардан эмне келет деп ушундай манераларын коргозуп атышабы. Кое берген Биринчи май соту дагы ушул видеону коруп туруп кантип кое берди жок дегенде штраф толотпой,мээлери жайында эмес.
+2
Mercedes202
2015-09-30 18:48:38
Мына СДПК ны шайлагыла дейт анан СДПК да башаламан. Буларды чыгарып жибергени эмнеси?
-3
Kritikkanat
2015-09-30 20:21:40
Пулун болсо халтада,а . С . Ялтада,
Пулун жок болсо халтада,бок барбы сага ялтада)))
-1
manas93kg
2015-09-30 21:09:51
Жондон эле келип милицияга тийишпесе керек анда эмнеге далилдерди кабыл албаптыр?!
0
bema-krao
2015-10-01 19:50:09
Мектеп окуучулары эмне учун бычакташты и жаштар андай болду мындай болду дейсинер мынаке чон эле адамдардын берген тарбиясы ушул болуп жатпайбы...
0
Askar.96kg
2015-10-04 02:18:57
Ал эмне киноактер болсо эле...эгер башка бирөө болгондо камап эле коймок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан