29-сентябрда саат 23:10 чамасында Бишкек шаарындагы Арычная жана Тульская көчөлөрүнүн кесилишинде Мазда Демио үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мотоциклди айдап бараткан адамды сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандан улам мотоциклдин 27 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Ыкчам иликтөө амалдарынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери аны сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусун - 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаранды кармашты. Унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Учурда тергөө амалдары уланууда.