Бишкекте окуучу атасынын мылтыгы менен өзүн өзү атып алды

Бишкектеги №31-мектептин окуучусу үйүндө мылтык менен өзүнүн башына атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда 14 жашар бала ооруп жатканына байланыштуу окууга бара албай, үйдө жалгыз калган. Үйдө атасынын катылып турган мылтыгын алып, аны менен ойноп жатып өз башына аткан. Кошуналар үндү угуп милицияны чакырышкан. Алар келип баланын жансыз денесин табышкан.

Билим берүү министрлиги мындай кырсыктардын алдын алуу максатында мугалимдерге ата-энелер менен жолугушууда үйдө куралды кантип туура сактоо керектигин түшүндүрүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
fakultet89
2015-10-01 09:58:54
Ошондо байкуш бала каза болуп калды да э. Кабарды мындай эле жазып коюпсунар, как будто колун сындырып алдыдай эле болуп калыптыр.
+4
aksy.koi-tash
2015-10-01 10:04:29
Азыр 14 жашар балдар барын еле тушунуп калдыго менимче ойноп емес озун озу атканго башынан атылганына караганда
+1
nelya88
2015-10-01 10:14:41
14 эмес 4 жаштагы бала да оз башына атып ойнобосо керек.. Ишенич кыйын,бул жерде башка сырлар бар.
0
Bektur2
2015-10-01 10:38:09
nelya88,Атып алышы да мумкун ойноп жатып мен да жайлодон ойноп илинип турган мылтыктын чекеме такап курогун басып алгам кудай жалгап ажалым жок экен осечка берип калган бирок мылтыктын анты бар экен башым бир кун кечке ооруп кыргызчалап жатып басылган.
+1
Naimanka-kg
2015-10-01 10:46:58
Bektur2, Кудай сактаптыр сизди. Ата энелер этият болгулачы. Куралдын кайда экенин жаш балдар билбеш керек.
+2
EdikoKG
2015-10-01 10:17:05
Мумкун,мектептеги койгойлору болгондур,дедовщина дегендей.
+3
artur.beka
2015-10-01 18:12:03
EdikoKG, Созуно кошулам.Азыркы учурда мектеп окуучулар арасында рекетчилик ото куч алган,ал тургай бычакташып жатышатго.Корбогондон кийин айтыш кыйын,бирок бул версияга ишеналбайм.Анткени 14- 15 жаштан баштап дедовщинага туш болот
0
AykaMer
2015-10-01 10:24:54
Болушу мумкун. Оюндан от чыгат демекчи,мындай атат да деп курогун басып алса керек да кокусунан. Озун озу атып алгыдай эч кандай олуттуу иш болгон эмес болсо...
+1
Nurbol
2015-10-01 10:45:33
мылтыкты кармаганда анын шарты бар да, кимдир бироонун жанын алат
0
TOMMYHILFIGER
2015-10-01 11:12:44
Жаман болуптур
+1
kirgizstan
2015-10-01 11:27:52
Уйго мылтыкты огу менен койуп койгон ата энесиде куноо. Сандык мандыкка катып кулптап койсо болмок
+2
ailam14
2015-10-01 12:01:13
Жайы жаннаттан болсун байкуш бала
+1
kama_future_millioner
2015-10-01 12:37:56
Жаман болуптур ата энеси карабай кайда жүрөт
+1
Arlenchik
2015-10-01 12:56:33
Куралды атайын цейфте сакташ керек, эреже менен сактай албагандан кийин куралды эмнеге уйдо кармайт.
+2
telekom15
2015-10-01 13:15:33
Баардык адамдарга кайрылаарым сабырдуу кечиримдуу жана кйраттуу болгула деер элем
0
Bermet_Kasymova
2015-10-01 14:12:16
Озунчо эле детектив боло бербегилечи, ээ?:). Ал ойлосо керек да огу жок деп... Анан кинодон коргонун туурады да
0
admin_portal
2015-10-02 10:21:56
Aikyn93, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Askar.96kg
2015-10-04 02:15:36
Ал куралды да ойнош үчүн албаса керек...бирок айтыш кыйын... Аллаh билет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан