Орусиянын учактары 30-сентябрда Сириядагы "Ислам мамлекети" тобуна абадан сокку ура баштады. Орусиянын коргоо министри
Сергей Шойгу бул боюнча
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында жасаган билдирүүсүндө айтты. Ошол эле учурда Орусиянын Федералдык кеңеши кечээ президент
Владимир Путиндин согуштук учактарды Сирияда пайдаланууга уруксат сураган өтүнүчүн канааттандырган. Абадан жасалган чабуул "Ислам мамлекети" тобунун карамагында турган аймактарга багытталып, аталган топ бир кыйла жоготууга учураганы айтылууда.
28-сентябрда Нью-Йоркто Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Барак Обама жолугушуп, Сириядагы согуштук абалды талкуулашкан болчу.