Бишкекте милиция кызматкерлерине кол салган топ кармалды

Бишкекте мас абалындагы бир нече адам милиция бригадасына кол салган. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин бири оор жаракаттардан улам ооруканага жеткирилген. Жол-кайгуул кызматынын атайын батальону милиционерлерди токмоктогон 4 адамды окуя болгон күнү кармаган. 

"Алар Чүй облусунун тургундары экени аныкталды. Ур-токмокко алуу фактысы боюнча "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайда отурушат. Тергөө амалдары уланууда",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sake80
2015-10-01 12:44:16
Уй камагына чыгарып ийишсин кутуп отрубей.Баары бир эртен чыгарып ийишет биздин адилеттуу соттор
+2
EdikoKG
2015-10-01 13:17:25
Sake80, туура. Уй камак деген азыр любой кылмышкерге чон жаза болуп баратпайбы.
+1
Anarbek2015
2015-10-01 13:24:39
Акча баарын чечет соттор акча дегенде чыгарыш коёот уй камагына
+1
ulan_sabina
2015-10-01 14:42:00
Уй камагы только акчалууларга гана иштейт. Карапайым калкка болбогон кылмышы учун 5.10 жыл бере салат
+2
kanat.ozgorush
2015-10-01 18:02:09
Еч болбосо псих деген спыравка алышат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан