Шайлоо-2015. Аманбек Жайнаков, окумуштуу: "Улуттук илимдер академиясы "Бир бол" партиясын колдойт"

30-сентябрда Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында "Бир бол" партиясынын лидерлеринин өлкөнүн интеллигенциясы, окумуштуулары, өнөр адамдары менен жолугушуусу өттү.

Партиянын маалымат кызматына таянсак, алгач сөздү "Бир бол" партиясынын тизмесин жетектеген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, генерал-лейтенант Мыктыбек Абдылдаев алып, “Бир бол” партиясы конкреттүү “Илбирс секириги” программасын иштеп чыкканын, аны ишке ашырууга партиянын профессионалдар командасы бар экенин, иши так, анык, туура жолго коюлган өкмөт гана Кыргызстанды алдыга жылдырарын айтты.

Өз сөзүндө талапкер Аскарбек Шадиев энергетика тармагына токтолду. "Бир бол" өзгөчө приоритеттүү багыттары катары айыл чарба менен энергетиканы кабыл алган. Электр энергиясын жеткирүүдө тышкы көз карандылыктан кутулдук" деген Шадиев Көкөмерен, Сары-Жаз, Ала-Бука каскаддарын, кичи ГЭСтерди, көмүр чыккан жерлерге энергия өндүрүүчү станцияларды куруу керектигин, CASA-1000 долбоорун улантууну, "акылдуу" электр эсептегичтерди орнотууну улантуу "Бир болдун" экономикалык программасына киргенин маалымдады. "Биз парламентке келсек, жогорудагы долбоорлор ишке ашырылат",- деди талапкер.

Окумуштуу Аманбек Жайнаков илим жаатындагы кейиштүү абал тууралуу кеп кылып, учурда мамлекеттин илимге болгон мамилесин, "Бир бол" партиясынын илимди колдоо боюнча идеялары бар экенин, ал окумуштуулар менен талкууланганын айтты. “Биз Илимдер академиясында жыйналыш өткөрүп, бир добуштан “Бир бол” партиясын колдойбуз деген чечим кабыл алдык”,- деди Жайнаков.

Актёр Табылды Актанов шайлоого катышып жаткан бир да партия маданият тууралуу сөз кылбаганын айтып, бул жаатта жалгыз "Бир бол" гана маданият, адабият, искусствого көңүл бурганын баса белгиледи. Табылды Актанов жалпы театр ишмерлерин "Бир бол" партиясын колдоп берүүгө чакырганы айтылат маалыматта.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан