Таиландда шизофрения менен ооруган жаран ызы-чуудан улам коңшусунун 5 айдан 6 жашка чейинки 5 баласын бычактап салды

Таиландда шизофрения менен ооруган 22 жаштагы Асапа Сивуа (Asapa Siwua) аттуу жаран коңшусунун 5 айдан 6 жашка чейинки 5 баласын өлтүрүп салды. Бул окуя өлкөнүн түндүк тарабындагы Чиангмай шаарындагы үйлөрдүн биринде 4 күн мурун орун алган. Чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, Сивуа мындан бир ай мурун эле психикалык ооруканадан чыккан. 
Маалым болгондой, коңшусунун 5 баласы ызы-чуу болуп ойноп, ага тынчтык бербегени үчүн ашкана бычагын көтөрүп кирип, балдардын моюндарын кесип салган. Алардын төртөө эркек бала, бири кыз болгон. Үй ичинде балдардын кош бойлуу апасы да болгон, бирок ал кулагынан жана бетинен жаракат алгандан кийин качып кетүүгө жетишкен. Андан кийин башка коңшулары полицияга кабар беришкен. Тергөө иштеринде айтылгандай, ал балдардын тынчтык бербей жатканынан улам ушундай ишке барган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aydarken
2015-10-01 18:25:49
Тооба кылдым эй,шуроктун ушун алатко.
0
boyka.kg
2015-10-01 18:42:03
aydarken, айдаркеенден болоспу?
0
zhykyo
2015-10-01 20:49:10
Шурок эмес журок ,болоспу эмес болосузбу
+5
beka1207
2015-10-01 23:36:47
Айдааркен эмес,Айдаркен))))
+2
warsaw.
2015-10-02 15:16:09
beka1207, Айдааркен эмес Айдаркеен деп турат го... :)
+1
kanykey125
2015-10-02 20:13:40
Уфф жаман иш болуптур.
0
sezim2009
2015-10-03 23:30:37
ото жаман иш болуптур эшигин ачпай койбоптур жинди деген докменти болсо керек эле ал писиктин
0
Askar.96kg
2015-10-04 02:06:17
Жаман болуптур аябай эле, 5 баласынан бир заматта ажырап....
0
Askar.96kg
2015-10-04 02:07:08
Байкуш энеси кандай абалда болду экен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан