2015-жылдын 2-октябрында саат 03:41де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Респубуликасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кош-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-батыш тарапта, Казарман айылынан 40 чакырым түштүк тарапта, Көк-Жаңгак шаарынан 70 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Макмал, Кош-Дөбө айылдарында 3 баллга, Кош-Этек, Ак-Терек, Чет-Булак, Жерге-Тал айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.