"Бишкектеги Спорт Ордосунун тушунда жайгашкан кафеде бомба бар" деген жалган маалыматты билдирген жаран Экономикалык кеңештин эл аралык уюмдарынын биринин аткаруучу директору, 44 жаштагы Болот Дүйшалиев экени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Дүйшалиев достору менен кафеде отурган жубайын тамактануучу жайдан чакырыш үчүн бомба тууралуу кабарлаган. "Бул факт боюнча "террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен жаран убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Ал өзүнүн күнөөсүн моюнуна алып, мындай иштерди кылбоого жарандарды чакырды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, 24-сентябрда саат 20:30 чамасында аталган кафеге белгисиз адам телефон чалып, коюлган бомба тууралуу кабарлаган. Андан соң кафенин өкүлдөрү милиция менен байланышып, бул маалыматты билдиришкен. Укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлери тамактануучу жайдагы адамдардын баарын сыртка чыгарышып, кафени курчоого алышкан. Сапёрлор анын ичинде издөө жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу затты табышкан эмес.