Бишкекте "эки жыл мурун кош бойлуу аялын токмоктогон" деген шек менен жабырлануучунун күйөөсү кармалды

Бишкекте "кош бойлуу аялын токмоктогон" деген шек менен жабырлануучунун күйөөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын февраль айында саат 02:00 чамасында 1978-жылы туулган Сокулук районунун тургуну кош бойлуу аялын ур-токмокко алган. Мындан улам наристе өз мезгилинен эрте төрөлүп калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлгөн, бирок кылмышка шектүү соттук отурумдарга келбей жүргөн. Ошондуктан ал издөөгө алынып, быйылкы жылдын 22-сентябрында Бишкектеги үйлөрдүн биринде колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Учурда кылмыш иши соттун кароосунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан