"Comedy Сlub" долбоорунун куудулу мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды

Орусиялык "Comedy Сlub" долбоорунун куудулу, Москва шаарында Демис Карибидис каймана аты менен белгилүү Демис Карибов мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Карибов эртең менен саат 06:00 чамасында өзүнүн Лэнд Ровер үлгүсүндөгү унаасы менен шаарда бара жаткан. "Жол-кайгуул кызматкерлери унааны токтоткондо, айдоочунун мас абалында экенине күмөн санап, андан медициналык текшерүүдөн өтүүнү суранышкан. Карибов болсо мындан баш тарткан. Инспекторлор тиешелүү документтерди толтуруп, материалдар сотко жөнөтүлдү. Эми куудулга 30 миң рубль айып пул салынып, анын айдоочулук күбөлүгү 1,5-2 жылга алынышы мүмкүн",- деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tursunbaev2004
2015-10-02 12:46:29
бир ай мурунку кабарго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан