Бүгүн, 2-октябрда саат 10:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында ок атуулар угулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен
SUPER.KG порталына билдиришкендей, мындай маалымат жергиликтүү тургундар тарабынан түшкөн. Ок атуу угулган жерге аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөштү.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерде УКМКнын кызматкерлери атайын операция жүргүзүүдө. Бул мекеменин басма сөз кызматы толук маалыматты кийинчерээк берерин убадалады.