Бүгүн, 2-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери экстремисттик топко каршы атайын операцияны жүргүзүштү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына күч түзүмдөрдөгү өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган экстремисттик уюм өлкөнүн аймагында террордук актты уюштурууну пландап жаткан. Операциянын жүрүшүндө уюмдун бир мүчөсү кармалды. УКМК тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Мекеме кененирээк маалыматты жакын арада берерин убадалады.