Бүгүн, 2-октябрда террордук аракетке каршы иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунда 1972-жылы туулган К.Л. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кармалган жаран эл аралык террордук топтордун биринин мүчөсү экени аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында жардыруу уюштурууну пландаган. Тинтүү учурунда андан бир тапанча, экстремисттик мазмундагы электрондук китеп, РГД-5 гранатасы жана жардыруучу заттар табылган. Суракка алынганда жардыруу уюштурууну көздөп жүргөнүн айткан.
Бул боюнча кылмыш иши козголду.