Бүгүн республика боюнча бардык шайлоо бөлүмдөрү жабылды

Эртең мененки саат 07:00дө КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндɵ бардык облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өкмөт үйүндө видеобайланыш болуп, алар аймактардагы бардык шайлоо участкалары эртеңки шайлоого даяр экендиги тууралуу маалымат беришти.

"Бүгүнкү күнгɵ карата республика боюнча бардык шайлоо чөлкөмдөрүнө керектүү техникалар толугу менен жеткирилип, текшерүүдөн өтүп, шайлоого даяр турат. Бүгүн өлкөдө жымжырттык күнү. Эртеңки шайлоодо ɵлкөдөгү күч түзүмдɵрү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн толук курамы менен күчөтүлгөн мөөнөттө иш алып барышат. Өкмөт ачык жана таза шайлоо өткөрүүгө толугу менен даяр",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан