Ысык-Атада мал уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-октябрда милицияга Новопокровка айылынын жашоочусу кайрылган. Ал белгисиз адамдар тарабынан жылкысын уурдоого аракеттер болуп жатканын кабарлаган. Ысык-Ата райондук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары 35 жаштагы Т.Б. кармалган. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмыш ишин козгоо каралууда.