ШАЙЛОО-2015: Баткен облусундагы шайлоо участкалары жабылды

20:00. Баткен облусундагы шайлоо тилкелери жабылды.
19:36. Баткен шаарында шайлоо кызуу жүрүүдө, азыркы убакта келген элдин саны көбөйүп жатат.
15:44. Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылында 305 адам шайлоого келди.
12:33. Баткен шаарында тургундар шайлоого аябай активдүү катышып жатышат.
11:29. Айдаркен шаарында шайлоо тынч өтүп жатат. Элдин нааразычылыгы байкалган жок.
09:36. Лейлек районунун Исфана шаарында шайлоо кызуу өтүүдө. 48 мүнөттө 96 адам добуш берди.
09:21. Чек чыгарбай жаткан урналардын ордуна башкасын алып келишти. Добуш берүү үчүн келип кезек күткөндөрдүн саны көп.
08:49. Биометрика ала турган компьютерлер сыр сөз жазылса да, "ката" деп чыгып жатат. Техникалык себептерден шайлоо токтоп турат.
08:14. Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы шайлоо участкасында урналар чек чыгарбай, биометрика албай жатат.
08:05. Баткенде шайлоо участкалары эшигин ачып, шайлоо процесси башталды. Байкоочулар шайлоону көзөмөлдөө үчүн келишти. Бул тууралуу БШКнын Исфана шаарындагы өкүлү Кочкорбай Саттаров билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан