Тайырбек Сарпашев шайлоодо жергиликтүү бийликти чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн эртең менен саат 6:30да парламенттик шайлоого карата селектордук жыйын өткөрдү. Сарпашевдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов SUPER.KG`ге билдиргендей, биринчи вице-премьер жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө бүгүнкү шайлоодо ызы-чууга алдырбоо тапшырмасын берди. Шайлоодо кырдаалды курчутууга айрым партиялардын өкүлдөрү аракет кылышарын, эч убакта чагымчылдыкка алдырбоону эскертти. Шайлоо участкаларында иштегендер укук коргоо органдары менен байланышты үзбөшү керектиги айтылды. 
Айта кетсек, Т.Сарпашев парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан