Жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын 9 пайызы добуш беришти. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, саат 11:30га карата облустар жана негизги шаарлар боюнча добуш берген шайлоочулардын саны төмөнкүдөй:
Бишкек шаары - шайлоочулардын 11 пайызы добуш берди;
Нарын облусу - 11 пайыз;
Талас облусу - 10 пайыз;
Чүй облусу - 10 пайыз;
Баткен облусу - 9 пайыз;
Ысык-Көл облусу - 9 пайыз;
Жалал-Абад облусу - 8 пайыз;
Ош облусу - 7 пайыз;
Ош шаары - 3 пайыз.