ШАЙЛОО-2015. Орусияда добуш берүү аяктап, добуштар саналды

01:00. Орусияда добуш берүү аяктап, добуштар саналды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Орусиянын 6 ири шаарында 1065 жаран добуш бергенин КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. 

00:45. Индиядагы Нью-Дели шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде ачылган шайлоо участкасында добуш берүү аяктады. Добуш берүүгө жалпы 29 жаран катталган болсо, анын 16сы добуш берди. 

00:25. Сауд Арабиясында добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын жарандарынын 75 пайызы катышты. 

23:57. Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө (Бишкек убактысы боюнча 21:00дө) добуш берүүгө катышкан жарандардын саны 115ке жетти.

23:50. Пакистанда добуш берүү жыйынтыкталды. Добуш берүүгө катталган Кыргыз Республикасынын 32 жаранынын 27си добуш берди. Добуш берүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталган жок. 

17:12. Москва шаарында шайлоо участкасына келген жарандардын көбү өзүн тизмеден таппай кайра кетип жатышат.

12:31. Санкт-Петербургдагы №9002-шайлоо участкасы боюнча добуш берүү өтүүдө. БШКдан 447 жарандын тизмеси бекитилген. 

12:27. Екатеринбург шаарындагы №9009-шайлоо участкасы боюнча добуш берүү өтүүдө. БШКдан 2429 жарандын тизмеси бекитилген. "Ошончо жарандын шайлоодо активдүү катышуусун күтөбүз",- дейт КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы.

12:06. Красноярск аймагындагы №9003-шайлоо тилкеси боюнча шайлоо өтүүдө. БШКдан 539 жарандын тизмеси бекитилип келген.

11:40. Новосибирск облусунда №9010-шайлоо участкасы боюнча шайлоо башталды. БШКдан бекитилип келген тизме боюнча 880 жарандын добуш берүүсү күтүлүүдө. 

11:36. Владивостоктогу №9004-шайлоо участкасы боюнча добуш берүү башталды. БШКдан бекитилип келген 642 шайлоочунун тизмеси боюнча шайлоо өтүүдө.

11:13. Москва шаарында №9001-шайлоо участкасы (жергиликтүү убакыт менен саат 08:00. Бишкек сааты боюнча 11:00) ачылды. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан