Байкоочу: "Бишкектеги №1315-шайлоо участкасында ондон ашык адам өзүн тизмеден тапкан жок"

"№1315-шайлоо участкасында ондон ашык адам өзүн тизмеден таппай калды". Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда 1315-шайлоо участкасына байкоочу болгон Мирлан Оморбеков билдирди. Анын айтымында, буга чейин биометрикасын тапшырып, Бишкекте каттоодо турган ондон ашык жергиликтүү тургун өзүн башка облустардын шайлоо участкаларынан табууда.
«Биометрикасын ушул жерден берип, кийин өзүн ушул жерден тизмесин тактаган жана тактабаган жарандар бүгүн добуш бере албай нааразы болуп кетишти. Бир участокто бир-эки киши ушундай маселеге учураса эч нерсе эмес, а бирок ондон ашса, бул өтө көп. Бул жерде Мамлекеттик каттоо кызматы туура эмес бөлүштүргөн»,- деди байкоочу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан