"Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоодо 9 мыйзам бузуу катталды". Бул тууралуу шайлоонун жыйынтыгынан соң ички иштер министри
Мелис Турганбаев маалымат жыйында билдирди. Министр мыйзам бузуу фактыларына карата кылмыш иши козголгонун айтты.
"Бул боюнча материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилди",- деди ал. Өкмөт башчы укук коргоо кызматкерлери сапаттуу иштегенин белгиледи. "Милиция өтө күчөтүлгөн тартипте иштеди. Шайлоо жүрүшүн артка тартчу өтө одоно мыйзам бузууларга жол беришкен жок. Шайлоодон кийин да ушундай күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат", - деди Сариев.