"Кайталап добуш берүү көрүнүштөрү өтө сейрек болду, бул бир гана Чүй облусунда 4 пайыз катталды". Мындай маалымат парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын алдын ала отчëтунда жазылган.
"Башка шайлоочу үчүн добуш берүү көрүнүштөрү өлкө боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын 6 пайызында катталды. Мындай мыйзам бузуулар баарынан көбүрөөк Бишкек шаарындагы УШКлардын 11 пайызында, Ош шаарында 8 пайыз жана Ысык-Көл облусунда 8 пайыз катталды.
Муну менен катар добуш берүүнүн купуялуулугу УШКлардын 96 пайызында сакталды. Бул жерден купуялуулук үч аймакта сакталган жок: Талас облусунда 13 пайыз, Чүй облусунда 8 пайыз жана Ысык-Көл облусунда 5 пайыз катталган",- деп айтылат маалыматта.