Бүгүн, 5-октябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоого
мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар өздөрүнүн 4-октябрда болуп өткөн шайлоолордун
жыйынтыктары тууралуу алдын ала корутундусун жарыялашууда. Кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын өзгөчө координатору жана жетекчиси Игнасио Санчес Амор: "Бул шайлоодо жаңы технологиялар колдонулду. Биометрикалык каттоо аркылуу түзүлгөн тизмеде бир аз мүчүлүштүктөр болду. Шайлоого катышкан элдин активдүүлүгү байкалды. Административдик ресурстар колдонулган жок. Айрымдар биометрикалык маалыматын беришкен жок. Бул алардын шайлоого катышуусун чектеп койду",- деди.
Эл аралык шайлоолорду байкоо миссиясы 41 өлкөдөн келген 320 байкоочудан, Европа кызматташтык коопсуздук уюму тарабынан жөнөтүлгөн 250 узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү байкоочудан, 33 парламентарийден жана ЕККУ ПАнын кызматкеринен, 19 ЕКПАнын байкоочусунан жана ЕПтин 11 байкоочусунан турат.
Эл аралык байкоо миссиясы Европа кызматташтык коопсуздук уюмунун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросу, Европа кызматташтык коопсуздук уюмунун Парламенттик ассамблеясынын биргелешкен максаты болуп эсептелинет.