Бишкек - Ош
унаа жолунун 102-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул
тууралуу 6-октябрда ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 5-октябрь күнү таңкы саат 5:00 чамасында Мерседес-Бенц
унаасы Ошту көздөй бара жатып каршы жол тилкесине чыгып, Мерседес-Бенц-АКТРОС
жүк ташуучу унаасы менен кагылышып кеткен. Андан 37 жаштагы бир жүргүнчү каза болгон. Ошондой
эле кырсыктан 11 адам түрдүү жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына
жеткирилди. 4 жүргүнчүгө ошол жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Жол кырсыгынын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, тергөө башталды.