6-октябрь күнү саат 23:07де Нарын облусунун Кочкор районунда (Бишкек-Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында) Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, 2 адам мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы айдоочу рулду башкара албай калып жол четиндеги тосмону сүзүп алганын билдирди.
1. Жаналиев Жылдызбек Аманович, 1988-жылы туулган, айдоочу, Нарын шаарындагы Ак-Мөөр көчөсүндөгү №5-үйдүн тургуну;
2. Асылбекова Гүлмира Сагынбековна, 1968-жылы туулган, жүргүнчү, Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү №305-үйдүн тургуну. Бул эки жаран кырсык болгон жерден каза болгон.
3. Токтомамбетова Гүлжан Акуновна, 1964-жылы туулган, белинен жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына "Тез жардам" кызматкерлери алып кетишкен.
Куткаруучулар каза болгондорду жана жабыркаганды унаадан сыртка чыгарышып, каза болгондордун денелерин туугандарына өткөрүп беришти.