"Макмал комбинаты" филиалында алтын уурдоо фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы өткөрүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыгында 1014,3 грамм алтын жетишпегени табылган. "Кыргыз алтын" ишканасынын комиссиясы мунун себебин аныкташ үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүп, жооптуу кызматкерлер тарабынан кымбат баалуу металлды уурдоо фактысын аныктаган. Мындан улам "Кыргыз алтынга" (уставдык фондунда мамлекеттин үлүшү 100 пайыз) 2 миллион 491 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура "уурдоо" жана "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлерин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду",- деп жазылат маалыматта.