Кара-Балтада МАИ кызматына тиешелүү унаалардын катышуусунда болгон жол кырсыгынын себеби такталууда

Бүгүн, 7-октябрь күнү саат 9:00 чамасында Кара-Балта шаары менен Новониколаевка айылынын унаа жолунда МАИ кызматынын эки унаасы менен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа кагышканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлаган. 
Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов кырсык 4 унаанын ортосунда катталганын SUPER.KG'ге айтты. "Учурда кырсык боюнча материалдар жыйналып жатат. Окуянын чоо-жайын толук маалымат келген соң кабарлайм. Ал эми ким күнөөлүү экенин тергөө органдары аныктайт. Кырсыкта Хонда Фит унаасы да болгон",- деди ал. 
Кара-Балтада МАИ кызматынын эки унаасы менен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа кагышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан