Кыргыз өлкөсү менен Япониянын кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Такаюки Коикэни кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды. 

Премьер-министр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону биометрикалык маалымат топтоонун негизинде өткөрүүгө Япониянын салымы чоң болгонун айтып, ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Такаюки Коикэ парламенттик шайлоонун ачык-айкын, мыйзамдын чегинде өткөнүн билдирип, Япония мындан ары да бул тажрыйбаны өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан