Бүгүн, 7-октябрда өкмөт башчы Темир Сариев Бишкек-"Манас" аэропорту жана Ысык-Көлдөгү айланма жолдордун курулушу боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө Темир Сариев курулуш иштерин күчөтүлгөн режимде жүргүзүү тапшырмасын койду.
"Бишкек-"Манас" аэропорту жолун курууга 100 миллион сом бөлүнгөн. Келерки жылга карата жол пайдаланууга берилиши керек, ошондуктан ишти күчтөндүрүү жана аткарылган иштин сапатын көзөмөлдөө зарыл. Бул маанилүү нерсе. Ал эми Ысык-Көл облусундагы Тамчыдан Корумдуга чейинки айланма жолдун курулушуна да каражат бөлүнгөн. Бул жаатта тендерди өткөрүү ишин тездетүү керек",- деди Сариев.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, айланма жолду курууда аны үч тилкеге бөлүп, тендер өткөрүү пландаштырылып жатат. Мындан тышкары министрлик Баткен облусундагы узундугу 24,5 чакырым келген, сметалык наркы 452 миллион сомдук Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушун жыйынтыктоодо. Курулуш иштерине 17 жол куруучу техника тартылган. Пландаштырылгандай, жолдун курулушунда эки сел тосуучу жайлар каралып, анда төрт түтүк орнотулмакчы.