Казакстанда 4 жаштагы баланы зордуктап, андан соң өлтүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Т.Избакиев өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 7-октябрда Жамбыл облустук прокуратурасы билдирди.
Маалыматка караганда, Т.Избакиев үстүбүздөгү жылдын 16-майында балдар аянтчасында жалгыз ойноп жаткан баланы көргөн. Күбөлөрдүн жоктугунан жана баланын кичинекейлигинен пайдаланып колу менен жаш баланын бетине урган. Ал эс-учун жоготкондо өз үйүнө алып келип, ага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган. Андан соң кылмышты жашыруу максатында баланы муунтуп өлтүрүп, денесин короодогу иштебеген муздаткычка салып койгон. Баланын сөөгү 17-майда табылган.