2015-жылдын 9 айынын ичинде Бишкек шаарында 676 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда SUPER.KG порталына борбор калаа боюнча Өрт өчүрүү кызматынын инспектору Талант Өмүрбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган кырсыктардан улам 70 миллион 133 287 сом материалдык зыян келтирилген. Ошондой эле өрт кырсыктарында 6 адам газ менен ууланып каза тапкан, 4 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. "Эгер үйүңүздөрдө жана аймагыңызда өрт пайда болсо, 101 телефон номери аркылуу Өрт өчүрүү кызматына кайрылыңыз",- деп эскертет Өмүрбаев.