Жайыл районунда жаш кызды унаа менен сүзүп, ага жардам бербей качып кеткен айдоочу кармалды

Бүгүн, 8-октябрда саат 03:05 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Новониколаевка айылында айдоочу унаасы 20-25 жаштагы жөө бараткан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу жабырлануучуга жардам бербей кетип калган. Жаракаттарынан улам жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. "Бул факт боюнча ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кырсык болгон жерге жакын аймактан Ниссан Иск-Трейл үлгүсүндөгү унааны таап, андан соң анын ээси 22 жаштагы А.Шатман аттуу жаранды кармашты. Суракта ал күнөөнү моюнуна алды. Учурда жабырлануучунун өздүгүн аныктоо иштери жана тергөө амалдары уланууда",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azahan
2015-10-08 11:12:19
Тируу бекен
0
alatoositi
2015-10-08 11:44:06
Azahan, каза тапкан деп жазылып турат кайра окуп чык
0
MAKALAK
2015-10-08 12:46:47
тунку 3то эмне кылып журду экен ал кыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан