Кечээ, 7-октябрда Ош облусунун Кара-Суу райондук соту мурдагы имам Рашод Камаловду 5 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган соттун канцеляриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Рашод Камаловго "кызматтык абалынан пайдаланып, диний кастыкты козутуу" жана "расмий иш-чараларды уюштуруп, экстремисттик материалдарды таратуу" деген күнөөлөр тагылган. Камалов жазасын 5 жыл жатак-абакта өтөмөкчү. Анын жактоочулары соттун чечимине даттанууга ниеттенишүүдө.