"Бишкекте банкоматтар аркылуу жарандардын банктардагы эсебинен акчаларын уурдаган" деп шектелип 22 жана 23 жаштагы европа улутундагы 2 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Украинага барып, мыйзамсыз жасалган жабдууларды сатып алып, аларды кантип колдонуу керектигин үйрөнүшкөн. "3 айдын ичинде ИИМдин Иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери өлкөдөгү банктардын биринин адистери менен биргеликте шектүүлөрдү аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча иш жүргүзгөн. Керектүү маалыматтар чогултулган соң, Чүй облусунун 23 жаштагы С.В. аттуу тургуну жана 22 жаштагы Бишкек шаарынын Ж.Р. аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар жарандардын жалпысынан 5 миллион сомун уурдашкан",- деп билдирет мекеме.
Мындан тышкары Бишкек ШИИББи ушундай кибер-кылмыштарды жасаган адамдар Кыргыз Республикасында биринчи жолу кармалганын баса белгиледи.