Аламүдүндө үйүнө кирип, эки эркек кишини коркутуу жолу менен карактап кеткен кыз кармалды

Аламүдүндө үйүнө кирип, эки эркек кишини коркутуу жолу менен карактап кеткен кыз кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 10-октябрда билдиришти. 
Маалыматка таянсак, 21-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы эки эркек киши жашаган үйгө түн ичинде медициналык бет кап кийген үч адам кирип, коркутуу жолу менен 1500 долларын жана уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Жабыркагандар алардын бири кыз экенин байкап калышканын милицияга айткан. Алар жашаган жайда чет өлкөлүк жарандар иштеткен кафе бар. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары аталган райондогу жаңы конуштардын биринде жашынып жүргөн кызды колго түшүрүшкөн. 
РИИБдин тергөө бөлүмү ага карата кылмыш ишин козгоп, далилдүү буюмдарды алган. Ал кыз мурун жогоруда аталган кафеде ашпозчу болуп иштеп кеткени аныкталды. Учурда тергөө иштери аяктап, иш сотко жиберилди. Ал эми калган эки шектүү адамды кармоо аракеттери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
zhykyo
2015-10-10 13:06:02
Ооо суротун чыгарып койсонор сонун болмок. Ашпосчу бандит бычак менен жакшы ойнойт болуш керек чимирилтип айланта баштаганда бычакты тиги кишилер коркту болуш керек нинзалар келиптир деп
+5
EdikoKG
2015-10-10 13:58:00
Тооба,башыма тук чыккандан бери,мындай окуяны биринчи окушум.
+1
AFFANCULO
2015-10-10 16:52:16
EdikoKG, чачыма тук?))))
-3
Take_men
2015-10-10 17:44:57
AFFANCULO, чачка да кээде тук чыгып калат имиш
+2
briliant87
2015-10-10 15:12:36
Ушундай кабарларды окусан аргасыз кулосунда.
0
Mr.enriiko
2015-10-10 16:19:03
ээ Биздин кыздардын онору чыга баштадыго. Бири Маршрутканын устуно чыккса бири аркасына жабышып алып. дагы не болушат экен.
+3
joni040494
2015-10-10 16:21:53
Mr.enriiko, тообо
+2
Deniza88
2015-10-10 16:34:40
Кыргыз кыздар катуу кетишти окшойт ))))) мына сага ))))
+4
Ayperi94
2015-10-10 17:06:57
Балким кыз жанындагыларга ишенип киргендир(эркектерге). Темасын окуп алып бир чети куансам( эки мырза кыздан коркуптур деп) бир чети кыжырландым(уурулук к. у.). Ичинденеги мазумууну мен ойлогондой эмес экен )))
+4
Truelensk
2015-10-10 18:33:26
Медициналык бет кап менен кирсе шурик менен нина болуш керек.учунчусу грузин шоопур.
+5
al-abu-kinesz
2015-10-10 20:58:15
Жалгыз кирип коркуткан кандай хулиганка деп ойлопмун. Кыздын ким экенинен да 2 эркек кандай немелер болду экен ошол кызык болду эле. Корсо теманы бир аз кызытып коюптур..
+2
Adiiko
2015-10-10 22:08:22
Кыздар кайда кетип атышат а
0
nurchik05
2015-10-10 23:20:13
кинодогудайго
0
bolsunalban
2015-10-11 00:49:22
Аа биздин кыздар да онорлррун коргозо баштаган экен.
+1
ZANIA-92
2015-10-11 01:06:06
Баарынанда мага каментарийлер кызыктуу болдуда, эзилип калдым окупалып
0
gulaza
2015-10-11 01:40:20
Балким потставодур же гей эркек эмесби экен дейиндесен кече эле бироо куйоосун муздады кудай сакта кудайым ар бир адамга ыйман бересин!
0
zinza.girl
2015-10-11 18:18:26
Мына сага криминал
0
N.mira
2015-10-12 04:28:37
Malades
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан