Жайыл районунда темир жолдо сүйлөшкөн кызын күтүп отурган баланы тепловоз сүзүп кетти. Бул тууралуу 10-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, 9-октябрь күнү саат 00:45те милицияга бул тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция жана медицина кызматкерлери барганда тепловоздун айдоочусу баланын жолдон качуусу үчүн өтө катуу үн чыгаруу белгисин бергенин айткан. Бала ошол учурда үстүнө плед жамынып алып ырды катуу коюп угуп отургандыктан, тепловоздун үнүн уккан эмес. Айдоочу тепловозду токтотууга аракет кылганы менен, баланы сүзүп кеткен. Бала башынан жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Анын өздүгү такталып, ал 1996-жылы туулган Жайыл районунун тургуну болуп чыкты. Айрым маалыматтарга караганда, ал сүйлөшкөн кызын күтүп отурган экен.
Учурда окуя иликтенип жатат.