10-октябрь күнү Түркиянын Анкара шаарында эки ирет болгон жардыруудан каза тапкандардын саны 86га, жаракат алгандар 186га жетти. Жаракат алгандардын 30га чукулу жандандыруу бөлүмүндө жатканын чет элдик ММКлар билдиришүүдө.Жардыруу калаадагы негизги темир жол бекетине жакын жерде жергиликтүү саат боюнча 10:00 чамасында болгон. Жардыруу болгон жерде тургундар өлкө бийлиги менен күрт радикалдарынын ортосундагы кагылышууну токтотуу талабы менен митинг өткөрүп жатышкан. Көпчүлүгү жаштар болгон.