11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан качууну кылмышкерлер алдын ала пландашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКтан билдиришти.
"Аларды токтотууга аракет жасаган ЖАМКтын үч кызматкери муунтулуп өлтүрүлгөн. Дагы бири катуу ур-токмокко алынып, анын баш сөөгү сынып кетиптир. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат. Ага операция жасалууда",- дешти ЖАМКтан.
"Учурда качып кеткен 4 кылмышкерди кармоого өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү биргелешип катышууда. Алар республиканын ар аймагына кетиши мүмкүн. Ошондуктан жолдордогу посттор күчөтүлгөн тартипке өтүштү",- деп маалымдашты мекемеден.