Кыргыз мамлекетинин аймагында жалпы 1000ден ашык акча алмаштыруучу жайлар бар. Улуттук банктын маалыматына ылайык, алардын 700дөн ашыгы лицензиясы жок иштейт. Бишкек шаарында иштеп жаткан акча алмаштыруучу жайлардын 320сынын гана уруксат кагазы бар, калганы лицензиясыз иштеп келет. "Лицензиясы бар акча алмаштыруучу жайлар чет өлкөлүк валютанын сатылып жаткан чыныгы баасын жашыруун сакташат. Бул нерсе Улуттук банктын Экономикалык изилдөө борборунун акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда белгилүү болгон",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2014-жылы Кыргыз Республикасындагы акча алмаштыруучу жайлардын жылдык акча айландыруусу 97 миллиард сомду түзгөн.