Казакстандык дипломат аялын сабаганы үчүн 6 жылга эркинен ажыратылды

Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчисинин мурдагы кеңешчиси Сакен Мамаш жубайын кыйноого алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

«Сакен Мамашты Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыйноо беренеси боюнча күнөөлүү деп таанып, орточо коопсуздуктагы жазаларды аткаруучу жайда 6 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза чегерилсин», — деген сот.

Мындан тышкары соттун чечими менен Мамаш биринчи даражадагы кеңешчи дипломатиялык даражасынан ажыратылды.

2024-жылдын май айынын башында Казакстандын элчисинин кеңешчисинин жубайы Карина Мамаш жолдошу аны 10 жыл бою системалуу сабап келгенин айтып, коомчулукка кайрылган. Аталган билдирүүдөн кийин Сакен Мамаш Казакстанга чакыртылып, укук коргоо органдары анын аракеттерине тергөө иштерин башташкан.

2024-жылдын июнь айынын аягында Мамаш жубайынын эжесин сабаганы үчүн 15 суткага административдик камакка алынган. Ал эми 2023-жылдын октябрында Карина Мамаш (Госман) расмий түрдө ажырашканын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан