Сокулукка курулчу “Спутник шаарча” долбоору боюнча сынак жарыяланат

"Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы 30 гектар жерге жакында заманбап спутник шаарчасы курулат. Долбоордун алкагында бюджеттик кызматкерлерге курулган үйлөрдөн батирлер берилет. Жер маселеси чечилген, жаңы спутник шаарча куруунун долбоорун иштеп чыгуу зарыл”,- деп билдирди бүгүн, 12-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. Долбоорду ишке ашыруу боюнча сынак жарыяланары айтылды. 
Вице-премьер сынактын таза, ачык өтүшүн камсыздоо үчүн сынактык комиссияга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн кошуу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, жаңы шаарча 12 миң адамга ылайыкталып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан