№50-түзөтүү колониясынан кылмышкерлердин качып кетүүсүнө байланыштуу мекеменин жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши "шалаакылык" беренесинин негизинде козголду. "11-октябрда саат 23:30 чамасында №50-түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар Э.Абдрахманов, Д.Кадыралиев, М.Уринов, Б.Курбанахунов, М.Жумалиев, Т.Жуманов, Б.Кенжегулов жана тергөөгө байланыштуу кармалгандар А.Итибаев, А.Мусуралиев ЖАМКтын 3 кызматкерлерин өлтүрүп, дагы бирин катуу ур-токмокко алып качып кетишкен. Милиция кызматкерлери качып кеткендердин бешөөсүн кармашкан. Учурда прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүүдө",- деп жазылат маалыматта.