"11-октябрдан 12-октябрга караган түнү №50-түзөтүү колониядан 9 кылмышкердин качуусунун мөөнөтү 15-20 мүнөткө эле созулду". Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаза-аткаруу кызматынын Ыкчам режим башкы башкармалыгынын башчысы Саламат Абдиев билдирди.
Анын айтымында, аталган мөөнөттүн ичинде 9 кылмышкер ЖАМКтын 3 кызматкерин муунтуп, дагы бирин ур-токмокко алып, унаага отуруп качып кетүүгө үлгүрдү. "Качуу саат 23:30да башталган. Бул убакта жарым саатча мекемеде электр энергиясы жок болгон экен. Мындан тышкары электр менен камсыздоо маселесинен улам 2 аптадан бери видеобайкоочу камералар иштебей жаткан",- деди Абдиев.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат.